Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санкт-Петербургдан кароолчу болуп иштеген кыргызстандыктын жансыз денеси табылды

Болжолдуу түрдө ал киши бийиктиктен кулап түшкөн

Санкт-Петербург шаарында Яковлевский тилкесинде кыргызстандык жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Россиянын ММКлары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, сөөк жатакананын терезелеринин астынан табылган. Каза тапкан Кыргызстандын 30 жаштагы жараны болгон. Анын Санкт-Петербургда дворник болуп иштегени такталды.

Белгиленгендей, маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертизага жиберилген.

Адистер эркек кишинин бийиктиктен кулап кетүү мүнөздөмөсүн катташкан. Укук коргоо кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирип жатышат.

Peterburg2.ru булагы
Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх