Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токтобүбү Оргалча: Садыр менен Айгүл Жапарованы бир да жолу жакындан көргөн эмесмин (видео)

«Альянс» партиясынын талапкери Жанар Акаев менен эч кандай пикир келишпестик жок экенин айтты

Альянс партиясынын талапкери Токтобүбү Оргалча өзү тууралуу интернетте тараган маалыматка комментарий берди. Анын кайрылуусу Youtube сайтына жарыяланды.

«Мен дагы бир жолу кыргыз элине өзүмдү түшүндүрүп бергим келет. Мени депутат болуп таанылган күндөн баштап эле эл арасында мен жөнүндө ушак кептер тарады: мени уйгур, кытай аялы, жада калса тыңчы деп эсептешчү. Бул туура эмес. Мен Ат-Башы районундагы Черик уруусунун кызымын. Мен Кыргызстандын жарандыгын алгандан кийин шашылыш түрдө Кытай жарандыгын тапшырдым», - деди ал.

Кошумчалай кетсек, Токтобүбү Оргалча КР биринчи айымы Айгүл Жапарованын досу деген маалымат тараганын билдирди.

«Мен өлкөдө биринчи айымды да, биринчи кишини да жакындан
көргөн эмесмин. Мен аларды сыналгыдан көрүп, саясатын колдойм. Ушактарга ишенүүнүн кереги жок. Жанарды өз инимдей көрөм. Биздин ортобузда эч кандай пикир келишпестик жок. Кудайдын буйругу менен мыйзамдуу түрдө аялдардын квотасы менен келдим. Буга чейин өтпөй калдым деп бир да жолу нааразы болгон эмесмин. Урматтуу мекендештер муну түшүнбөй мени жерден алып жерге чаптыңар. Келгиле, бири-бирибизди чукуй бербей иштейли, - деди Оргалча.

Сүрөт www

Фото www

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх