Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жапаров Капчыгай чек ара заставасында жана Баткендеги аскер бөлүгүндө болду

Президент сыйлуу коноктор китебине кол тамгасын калтырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районундагы Капчыгай чек ара заставасында жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Баткендеги Мамлекеттик чек ара кызматынын No2022 аскер бөлүгүндө болду.

Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы бөлүктөр жайгашкан имараттардын абалы, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары менен таанышып, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Учурдан пайдаланып, Президент аларды кесиптик майрамы - Кыргызстандын Чек ара кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, бардык мекендештерибизге тынчтык каалады.

Жапаров өз сөзүндө чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар учурунда чек арачылардын эрдигин өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчы Чек ара кызматынын кызматкерлеринин туруктуулугу өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга жана чыр-чатактын күчөп кетишине жол бербестигин белгилеп, аны чечүү үчүн бирден-бир мүмкүнчүлүк - тынчтык сүйлөшүү.

Аскер кызматкерлерине моралдык духту жогорку деңгээлде сактоосун каалап, Президент Садыр Жапаров сыйлуу коноктор китебине эсте калаарлык кол тамга калтырды.

сүрөт www

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх