Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Азиз Алымкуловду 260 миң сом айып пул төлөөгө өкүм кылды

Белгиленгендей, ал  улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери  турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Азиз Алымкулов "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Алымкулов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ага VI категориядагы 2600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, 260 000 сом мамлекеттик киреше өлчөмүндө айып пул салынган.

Алымкулов 2014-жылдан 2018-жылга чейин улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери болуп туруп, өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалангандыгы белгиленди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «Бишкекбашкыархитектура» ЖКнын кызмат адамдарын аффилирленген адамдарга жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого мажбурлаган.

Азиз Алымкулов буга чейин күнөөсүн мойнуна алгандыгы көрсөтүлгөн.

сүрөт www

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх