Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулукту өткөрүү жылына карата жол картасы бекитилди

Кеп парник газдарынын бөлүп чыгарууну азайтуу, тоо экосистемаларын коргоо, Бишкектин абасынын булганышын азайтуу жөнүндө болуп жатат

Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча Жол картасы бекитилди. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.  

Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча Жол картасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы № 17 «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана жактырылган. 

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 16-декабрындагы демилгеси колдоого алынып, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары тарабынан 2022-жылды «Тоолорду туруктуу ɵнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюциясы бир добуштан жактырылган.

Кыргыз Республикасы 2019-жылы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясын ишке ашыруу боюнча Париж макулдашуусуна кол койгон жана климаттык милдеттенмелерди өзүнө алган. Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери 2021-жылы климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери менен күрөшүү жана парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча глобалдык аракеттер иретинде, Кыргыз Республикасынын “Улуттук деңгээлде жаңыланган салым” планы катары таризделген.

Жаңыланган климаттык милдеттенмелерге ылайык, Кыргыз Республикасы 2030-жылга карата парник газдарынын эмиссиясын “адаттагыдай эле бизнес” сценарийи боюнча – 15,97 %га жана эл аралык колдоо менен 43,62 %га кыскартуу милдетин алат. 

Тоолордун экосистемасын коргоо боюнча жол картасы парник газдарын бөлүп чыгарууну азайтуу, тоолордун экосистемасын сактоо, Бишкек шаарындагы абанын булганышын азайтуу, климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, климаттык каржылоону тартуу жана илимий практикалык конференцияларды, эл аралык иш-чараларды өткөрүүнү көздөйт.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх