Menu
RSS

Мы в социальных сетях:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бажы кызматкерлери пауэрлифтинг боюнча Евразия кубогунда байгелүү орундарга ээ болушту

Мелдештер борбор калаада 23-26-март аралыгында өттү

23-26-март аралыгында Бишкекте пауэрлифтинг боюнча Евразия кубогу болуп өттү.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана башка өлкөлөрдөн миңден ашык спортчу катышты. Тартип сакчылары өзүнчө категорияда ат салышты.

Бажы кызматынын кызматкери Иван Коробко 100 килограммга чейинки салмакта Мастер 40-44 жаш категориясында дүйнөлүк рекорд коюп, биринчи орунду ээледи.


Кошумчалай кетсек, ачык пауэрлифтинг боюнча 2-орунду Бажы кызматынын дагы бир кызматкери Андрей Ливерко жеңип алды. Ал 80 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан.


Бажы кызматынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Добавить комментарий


Наверх