Германия Кыргызстандын дээрлик 15 миллион евро карызын кечет
Бирок бул акча аймактардагы калктын жакыр катмары үчүн ипотекага жумшалсын деген шарт менен
Германия Кыргызстандын 14 миллион 900 миң евро карызын кечүүгө даяр, бул акча эки жылга жакыр жашагандарга ипотекага жумшалсын деген шарт менен. Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдиргендей, макулдашуу долбоору эртең Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралат.
«Алар Кыргызстандын карызын кечүүгө даяр, бир шартта Кыргызстандын Каржы министрлиги эки жылда 8 ай сайын Мамлекеттик ипотекалык компанияга дээрлик 5 миллион евро берип турат», - деди депутат.
Парламентарий ипотека Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарынан башка Кыргызстандын бардык жарандарына берилерин кошумчалады.
«Бул абдан алгылыктуу шарттар», - деп ишенет Дастан Бекешев. «Аймактарды өнүктүрүү керек, каалагандардын баары Бишкек менен Ошко батпай калат».
Михаил Готфрид
Сүрөт www