Олег Постернак: Кремлдин «тарыхый» риторикасы Борбор Азияда кооптонуу жаратууда
Орусиялык медиа өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү аймакта кеңири резонанс жаратты
2026-жылдын башында Орусиядагы белгилүү эки пропагандисттин билдирүүлөрү кыргыз коомчулугунда олуттуу тынчсызданууну жаратты. Алгач журналист Владимир Соловьёв АКШнын Венесуэладагы операциясын мисал келтирип, эл аралык укукту четке кагып, Орусиянын башка «таасир аймактарына» активдүү киришүүнү сунуштады.
Владимир Соловьёв, бийликчил позициясы менен белгилүү орусиялык тележурналист:
- Эгер улуттук коопсуздугубуз үчүн Украинада атайын аскердик операцияны баштоо зарыл болсо, анда эмне үчүн биз таасир аймагыбыздын башка чекиттеринде да ушундай операцияларды баштай албайбыз? Арменияны жоготуу - бул абдан чоң көйгөй. Борбор Азиядагы абал да ири көйгөй. Биз максаттарыбызды жана милдеттерибизди так аныктап, баарына түшүндүрүшүбүз керек: оюн бүттү.
Андан кийин ушуга окшош идеяларды белгилүү орусиялык идеолог Александр Дугин да билдирген.
Александр Дугин, Орусиянын философу жана идеологу:
- Эгемендүү Армениянын, Грузиянын, Казакстандын, Өзбекстандын болушуна макул болууга болбойт. Же алар биздин лагерде болот, же Батыштын же Кытайдын таяныч пунктуна айланат.
Кыргызстанда кандай реакция болду?
Мындай талаштуу билдирүүлөр кыргыз коомчулугунда дароо жооп реакциясын жаратты. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Владимир Соловьёвду «персона нон-грата» деп жарыялоону сунуштады.
Дастан Бекешев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты:
- Менин оюмча, Тышкы иштер министрлиги тиешелүү реакция жасап, элчини чакырып, ага нота тапшырышы керек жана, балким, аны (Владимир Соловьёвду - ред.) персона нон-грата деп жарыялоосу зарыл. Мындай адамды Кыргызстанга киргизбеш керек.
Адатта Оруссиянын позициясын карманып келген коомдук ишмер Канат Хасанов бул жолу мындай билдирүүлөрдү кабыл алынгыс деп баалады.
Канат Хасанов, коомдук ишмер, адвокат:
- Россия Федерациясынын мамлекеттик институттары мындай сөздөргө так баа берип, федералдык медианын радикалдаштыруунун жана улуттар аралык чыңалуунун булагына айланышына жол бербеши керек. Бул цензура жөнүндө эмес, стратегиялык кызыкчылыктарды коргоо жана элдер ортосундагы ишенимди сактоо тууралуу маселе. Бул сыяктуу билдирүүлөр Борбор Азия аймагындагы узак мөөнөттүү туруктуулукка жана Россиянын өзүнүн аброюна коркунуч жараткан, жаңылыш жана деструктивдүү пикирлер катары бааланышы керек.
Коомчулуктагы олуттуу резонанстан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да бул маселе боюнча комментарий берип, мындай билдирүүлөргө өзүнчө көңүл буруунун зарылдыгы жок экенин белгиледи.
Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын тышки иштер министири:
- Кыргыз тарап медиа мейкиндигинде айтылган жана мамлекеттер аралык реалдуу күн тартибине тиешеси жок айрым чагымчыл билдирүүлөргө кошумча көңүл бурууну максатка ылайык эмес деп эсептейт.
Ал эми Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Владимир Соловьёвдун сөздөрүн «жеке пикир» деп мүнөздөп, алар жеке телеканалдын эфиринде айтылганын белгиледи.
Мария Захарова, Оруссиянын тышкы иштер министирлигинин расмий өкүлү:
- Бул жеке журналисттин пикири экенин баса белгилейм. Экинчиден, ал пикир «Соловьёв LIVE» аттуу жеке каналда айтылган. Үчүнчүдөн, мен үзүндүлөрдү контексттен жулуп алынган фразаларга же кыйыр сөзгө эмес, түз сүйлөмдөргө таянып окудум. Ал жерде билдирүү эмес, суроо формасында айтылган, риторикалыкпы же башкабы, андай суроолорго мен жооп бере албайм.
Борбор Азияда кандай талкуу болду?
Орусиялык пропагандисттердин билдирүүлөрүнө аймактагы башка мамлекеттердин өкүлдөрү да нааразычылык билдиришти.
Мындай пикирлерди Борбор Азиядагы коомдук жана эксперттик чөйрөнүн белгилүү өкүлдөрү ачык сынга алышты. Маселен, Өзбекстандан саясий илимдердин доктору Шерзодхон Кудратходжа эл аралык укуктун нормалары күмөн саноого алынган жагдайдын кооптуулугун белгиледи. Анын айтымында, телеэкрандар аркылуу эл аралык укукту «жокко чыгаруу» тенденциясы олуттуу коркунуч жаратат.
Шерзодхон Кудратходжа, саясий илимдердин доктору, Өзбекстандын саясат таануучусу:
- Украина прецедентке айланды, Борбор Азия болсо ачык айтылган кыялдардын объектисине айланды, ал эми «таасир аймагы» коопсуздук тууралуу сөздөргө оролгон ар кандай зомбулукту актоо үчүн универсалдуу шылтоо болуп калды. Эгер эл аралык укук «милдеттүү эмес» деп жарыяланса, ал эми суверенитет шарттуу түшүнүккө айланса, анда пропаганда сүрөттөгөн дүйнөдө союздаштар да, келишимдер да, кепилдиктер да калбайт. Болгону «коопсуздук» деп аталып калган күчтүүнүн укугу гана үстөмдүк кылат. Мындай дүйнө таанымда мамлекеттер өз алдынча субъект болбой, картадагы каалагандай жылдырылып, өчүрүлүп же менчиктештириле турган бөлүктөргө айланат.
Тарыхый контекст жана империялык риторика
Жагдайга комментарий берип жатып, украиналык саясат таануучу Олег Постернак мындай билдирүүлөр айрым медиа өкүлдөрүнүн эмоцияга алдырган импровизациясы эмес экенин белгилейт. Анын баамында, бул көрүнүш Орусиянын тышкы саясатындагы туруктуу тарыхый риториканын уландысы болуп саналат жана коңшу мамлекеттерге карата империялык мамиленин кайра жанданышын көрсөтөт.
Олег Постернак, украиналык саясат таануучусу :
- XIV кылымда калыптанган империялык логика бүгүнкү күнгө чейин Россия Федерациясынын тышкы саясатынын түзүмдүк негизи бойдон калууда. Ал КМШ өлкөлөрүн өзүнүн таасир аймагынын бир бөлүгү катары көрүп, алардын суверенитетине кайдыгер мамиле жасоону улантууда.
Ал бул маселени тереңирээк түшүнүү үчүн украиналык тарыхчы Kuzari жазган «Исчезнувшая Цивилизация – незамеченная Катастрофа» аттуу китепке кайрылууну сунуштайт. Анда постсоветтик тарыхнаамага мүнөздүү эмес көз караш аркылуу Россиянын империялык амбициялары кандайча калыптанганы баяндалат. Китепте Түштүк Кавказдын, Чыгыш Европанын жана Борбор Азиянын азыркы саясий картасын аныктаган көптөгөн тарыхый окуялар жана процесстер жаңыча чечмеленет.
Олег Постернактын пикиринде, кеч орто кылымдарда жаралган империялык ой жүгүртүү бүгүнкү күнгө чейин Россиянын тышкы саясий түшүнүгүнө таасирин тийгизүүдө. Бул постсоветтик мейкиндикти өзгөчө кызыкчылыктардын аймагы катары кабыл алуу аракетинен көрүнүп, коңшу мамлекеттердин толук кандуу эгемендүүлүгүн күмөн санаган риторика менен коштолот.
Китепте экспансияны ар кайсы доорлордо актоо үчүн колдонулган идеологиялык конструкцияларга да өзгөчө көңүл бурулат. Маселен, «ишенимди коргоочулар» менен «чоочун дүйнөнүн» карама-каршылыгы аркылуу түрк-мусулман аймактарына жылууну мыйзамдаштыруу аракеттери сүрөттөлөт.
Мындан тышкары, Олег Постернак Кремлдин телеэкрандар аркылуу айтылган жана китепте баяндалган баяндамалары Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн абстракттуу талкуу эмес экенин белгилейт.
- Аймактын тарыхый эс тутумунда XIX кылымдын экинчи жарымында Түркстан аймактарынын Россия империясынын курамына кошулушу сакталган. Ал учурда аскердик жылыш «цивилизациялык миссия», административдик көзөмөл жана жергиликтүү коомдорду тышкы чечим кабыл алуу борборуна баш ийдирүү тууралуу риторика менен коштолгон, — деп жыйынтыктады Олег Постернак.