#Автордун көз карашы. Кыргызстандын экологиялык келечеги үчүн карызды алмаштыруу. Садыр Жапаровдун демилгеси чет элдик маалымат каражаттарында колдоо тапты
Президенттин тышкы карызды экологиялык долбоорлорго алмаштыруу боюнча адаттан тыш сунушу жөнүндө
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тышкы карызды “жашыл” демилгелерди ишке ашыруу үчүн алмаштыруу демилгеси республиканын өзүндө да, башка көптөгөн өлкөлөрдө да кеңири резонанс жаратты. Белгилей кетсек, бул сунуш колдоого алынып, бир катар чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында, тактап айтканда, Өзбекстан, Улуу Британия, Бахрейн, Катар, Кувейт, Россия, Түштүк Корея ж.б.
Президент Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында топтолгон тышкы карыздарын төлөбөй, ошол эле суммага Кыргызстанда жашыл экономика долбоорлорун ишке ашырууну сунуштоодо.
Бул сунуш кандайдыр бир парадоксалдуулугуна карабастан, туруктуу өнүгүүнү колдоонун глобалдык тенденциясы менен резонанс жаратат. Эл аралык уюмдар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экологиясын колдоо үчүн миллиарддаган долларларды сарпташат, анткени тигил же бул өлкөнүн жаратылышынын сапаты боюнча көйгөйлөр башка мамлекеттер үчүн да экологиялык тобокелчиликке айланат – баары бир планетада жашайбыз.
Экология жарандардын ден соолугуна жана алардын жашоо сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет. Айлана-чөйрөгө терс таасиринен улам ден соолукка келтирилген зыян адамдын өмүрүн кыскартат. Бул Маяковский жазгандай, «өзүнүн жердеги өмүрүн өткөрбөгөн» ар бир адамдын жеке трагедиясы гана эмес, ошондой эле улуттук жана дүйнөлүк экономика үчүн жоготуу - анткени, эмгек ишмердүүлүгүнө үзүрлүү катышуунун узактыгы да кыска болуп баратат. Демек, эл аралык бизнестин потенциалы төмөндөп баратат, тарыхый жактан планетанын көпчүлүк мамлекеттери тандап алган капитализм идеясы коркунуч алдында турат.
Демек, Садыр Жапаровдун сунушун улуттук лидердин өз жарандарынын жашоосун жакшыртууга болгон умтулуусу гана эмес, жалпы Жер планетасына кам көрүү катары түшүнсө болот. Акыр-аягы, жашыл экономиканы өнүктүрүүсүз, жок дегенде урбанизациянын жана экономикалык өнүгүүнүн азыркы темпинде экологиялык көйгөйлөрдү жеңүү мүмкүн эмес. “Жашыл” долбоорлорду ишке ашырууга, өзгөчө энергетика жана кичи ГЭСтерди курууга олуттуу каражаттардын бөлүнүшү Кыргызстандын автономиясын жана эгемендүүлүгүн арттырууга жардам берет окшойт. Бул эл аралык уюмдардан кошумча жардам суроонун зарылдыгын азайтат.
Эске салсак, Садыр Жапаров 8-январда өлкөнүн тышкы карызын “жашыл” демилгелерди ишке ашыруу үчүн алмаштырууну сунуштаган.
Алиаскар Кантемиров
сүрөт www
Комментарии
piece of writing to improve my knowledge.
My site web site: http://rwin.bio/
Feel free to surf to my web blog: tải nổ hũ
club dễ thắng: http://rwin.city/
This post truly made my day. You cann't imagine simply how much time I
had spent for this info! Thanks!
Visit my blog post: 789 p: https://789pso.com/
I'm trying to figure out if its a problem on my end or if it's the blog.
Any feedback would be greatly appreciated.
Here is my blog :: thưởng thức phim
sex không che: https://www.bape-shirt.us.com/
And of course, thank you on your effort!
Stop by my webpage: thưởng thức truyện người lớn 2025: https://zestril.us.com/