Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Солтон-Сары кени тууралуу: Жыл сайын жергиликтүү тургундарга 50 миллион сомдон компенсация төлөнөт

Кенди иштетүүдө цианиддер колдонулбайт. Кара-Балта шаарында алтынды тазалоо иштери жүргүзүлөт

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Солтон-Сары кени боюнча түзүлгөн кырдаалга социалдык тармактардагы баракчасына комментарий берди.
     
Анын айтымында, мамлекет башчы Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында Нарын районундагы Солтон-Сары алтын кенине барып, абал менен кеңири таанышкан.
     
«Президент жергиликтүү тургундар менен жолугуп, жолдорду жана инфраструктураны куруу жаратылышка терс таасирин тийгизет деген көйгөйлөрүн укту», - деп жазат Султанбаев.
     
«Бирок, өзүңүздөр көрүп турасыздар, жолдор көптөн бери төшөлүп, заводдун курулушу башталды. Жер кыртышын бузууга байланыштуу башка иштер жүргүзүлбөй турганы аныкталгандыктан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилген. Муну менен катар компания жыл сайын жергиликтүү тургундарга 50 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөп турмакчы. Ошондой эле алтын казып алуу башталгандан кийин төлөмдөрдүн көлөмү көбөйөт деген келишимге жетишилди”,-деп жазды басма сөз катчы.
     
Мындан тышкары мамлекеттик үлүш болот. Кенди иштетүүдө цианиддер колдонулбайт. Кара-Балта шаарында алтынды аффинаждоо иштери жүргүзүлөт.
     
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх