Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жуманын аягына чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 2-июлдан 7-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарды төмөндөгүдөй сел коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:

  • арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
  • турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
  • үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
  • сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
  • мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх