Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

5-7-июль күндөрү селдер жүрүп, таштар кулашы мүмкүн. Аймактардын тизмеси

Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт

Туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаментинин маалыматы боюнча сел коркунучу бар аймактарга төмөндөгүлөр кирет:

- Баткен облусунун Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондору;

- Ош облусунун Ноокат, Алай жана Чоң-Алай райондору;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондору;

- Чүй облусунун Панфилов, Жайыл жана Кемин райондору;

- Нарын облусунун Жумгал, Кочкор, Нарын райондору.

Жолдордун төмөнкү тилкелеринде таш кулоолору жана сел жүрүшү мүмкүн:

- Бишкек-Ош унаа жолунун 285-чакырымы, 342-348-чакырымдары, 358-362-чакырымдары, 400-чакырымдары, 411-426-чакырымдары;

- Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70 км, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдары;

- Бишкек–Балыкчы унаа жолунун 112-128-чакырымдары (Боом капчыгайы);

- Балыкчы–Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдары;

- Талды-Суу-Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдары;

- Ош-Раззаков унаа жолунун 64-78-чакырымдары, 125-138-чакырымдары, 149-190-чакырымдары.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх