"Апасы, кызы, күйөө баласы..." Милиция Ошто бир үй-бүлө мүчөлөрүн кармап кетти
Унааны тинтүү учурунда 116 даана психотроптук дары-дармектер табылган
Ош шаарында психотроптук дары-дармектерди сатуу менен алектенип жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-октябрда жубайлар, тагыраагы, 25 жаштагы аялы менен 29 жаштагы күйөөсү күчтүү таасир берүүчү дары-дармектерди сатып жаткан жеринен кармалышкан. Алар дарыларды Honda Stepwgn унаасы менен түн ичинде сатып жүрүшкөн. Унааны тинтүү учурунда 116 даана психотроптук дары-дармектер табылган.
Милициянын маалыматы боюнча, жубайларга бир үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү дагы көмөктөшүп келген. Алар келиндин 54 жаштагы апасы, 43 жаштагы таежеси жана анын 47 жаштагы күйөөсү, ошондой эле келиндин 32 жаштагы агасы. Жыйынтыгында үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашаган жерлери тинтүүгө алынып, 8 миңден ашуун психотроптук дары-дармектер табылган.
"Алар чет өлкөдөн ири өлчөмдөгү дары-дармектерди сатып алып турушкан. Жалпысынан дүң баада 1 миллион 205 сом жана чекене (мыйзамсыз сатуу) баасында 3 миллион 685 миң сомдук товарлар алынган", - деп айтылат маалыматта.