Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өлкөдө аялдарга арналган бир айлык акцияда кандай оорулар аныкталганы айтылды

Маалымдалгандай, бул көрсөткүч өлкөнүн жергиликтүү медициналык мекемелерине катталган жалпы аялдардын 50%ын түзөт

Октябрь айында республика боюнча 760 миңден ашуун аялдар «Айымдардын ден соолугу!» республикалык бир айлыгынын алкагында профилактикалык кароодон өтүштү. Бул туурасында кечээ, 21-ноябрда Саламаттык сактоо министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, бул көрсөткүч өлкөнүн жергиликтүү медициналык мекемелерине катталган жалпы аялдардын 50%ын түзөт.

"Жыйынтыгында 45 миңге жакын аялда кан басымынын жогорулашы биринчи жолу аныкталды. 10 миң аялда жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучу жогору экени белгилүү болду. Ошондой эле 5600дөн ашуун аялда кант диабетинин жогорку коркунучу аныкталды. 300 аял эмчек безинин рагына, ал эми 550 аял жатын моюнчасынын рагына шектелип саламаттык сактоо системасынын үчүнчү деңгээлине жөнөтүлдү", - деп айтылган маалыматта.

Белгилей кетсек, октябрь айындагы бир айлык Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх