Депутат Миргүл Темирбаева Андархам айылындагы жаңы медициналык жайдын ачылышына катышты
Оорукана бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Миргүл Темирбаева Лейлек районуна иш сапары Сүлүктү шаарындагы Андархам айылында уланды.
Иш сапарынын алкагында эл өкүлү жалпы үй бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгаша турган жаңы имаратты ачуу аземине катышты. Буга чейин колдонулуп жаткан имарат Совет доорунда курулуп, эскилиги жеткендиктен авариялык абалга кептелген. Ага ылайык, аны жаңыртуу демилгесин көтөргөн депутат Миргүл Темирбаева эл аралык уюмдарда да кайрылган. Натыйжада Бүткүл дүйнөлүк Жаштар ассамблеясы демөөрчүлүк кылып, заманбап медициналык жай курулду. Тагыраагы, оорукана бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган.
Салтанатта сөз сүйлөгөн депутат: “Аймакта эскилиги жеткен социалдык мекемелер арбын. Бирок аларды кезек-кезеги жаңылап келе жатабыз. Буйруса алдыда дагы көп пландарыбыз бар. Алардын баарын ишке ашыра алсак, жергиликтүү элдин жашоосун жакшыртуу багытында ири кадамдарды жасай алган болобуз”, – деп кошумчалады.
Ошондой эле тургундар менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн укту. Айтылган ар бир маселе боюнча иш алып барарын айткан депутат өзүн парламенттеги ишмердүүлүгү тууралуу да учкай кеп кылды.
Эскерте кетсек, иш-чараларга саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов баштаган жетекчилер, Бүткүл дүйнөлүк Жаштар ассамблеясынын өкүлү доктор Сейид Иззат баштаган өнөктөштөр жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты