Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева экологиялык көзөмөлдүн санариптик платформасын түзүүнү жана экологиялык төлөмдөрдү кайра карап чыгууну сунуштады

Парламентте климаттык саясат жана суу ресурстары маселелери каралды

Жогорку Кеңеште климаттын өзгөрүшү шартындагы туруктуу өнүгүү боюнча кеңештин жыйыны өттү.

Климаттык саясат жана суу ресурстарын башкаруу маселелери каралган жыйында депутат Рахат Жунушбаева экологиялык саясатты реформалоо боюнча бир катар сунуштарын айтты. Ала экологиялык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде чогултуп, талдай турган бирдиктүү санариптик платформаны түзүүнү сунуштады.

junushbaeva.jpeg

«Бизге маалыматтарды онлайн режиминде чогултуп жана талдай турган бирдиктүү санариптик платформа керек. Суунун абалынан тартып курулуш жана экологиялык нормалардын сакталышына чейинки бардык маалыматтар бир системада болушу зарыл», — деди ал.

Анын айтымында, учурда маалыматтар чачыранды болгондуктан, натыйжалуу башкарууга тоскоолдук жаралууда. Жаңы система маалыматтарды бириктирип гана тим болбостон, мыйзам бузууларды “кызыл зона” аркылуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Жунушбаева ошондой эле Ысык-Көл аймагындагы экологиялык мыйзамдарга аудит жүргүзүүнү демилгеледи. Депутат аудиттин максаты кайталанган жана натыйжасыз нормаларды жоюп, көзөмөлдү күчөтүү экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, депутат экологиялык төлөмдөрдү жана алардын пайдалануу механизмин кайра карап чыгуу керектигин айтты.

«Табигый ресурстардан киреше тапкан тарап аларды сактоо үчүн да жоопкерчилик алышы керек», — деди ал.

Анын айтымында, транспорттон жана туристтик объектилерден алынган экологиялык төлөмдөр гидрометеорологиялык системаны модернизациялоого, мониторингдик скважиналарды калыбына келтирүүгө жана аймактарды экологиялык реабилитациялоого түз багытталышы керек.

Депутат ошондой эле бардык экологиялык төлөмдөр жана алардын кандай пайдаланылып жатканы бирдиктүү санариптик системада реалдуу убакыт режиминде ачык көрсөтүлүшү зарылдыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, Рахат Жунушбаева гидрология, геодезия жана экология тармагындагы адистердин жетишсиздигин белгилеп, мамлекеттик билим берүү программаларын жана илимий экспедицияларды күчөтүү сунушун айтты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх