Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөрдүн ашпозчуларынын жаңы эл аралык жеңиши

Ливан Республикасынын борбору Бейрут шаарында 29 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да катышкан Биринчи Финикиялык туризм жана меймандостук фестивалынын алкагында Эл аралык гастрономиялык сынак өттү. Биздин республикадан Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясынын 9 адамдан турган курама командасы, анын ичинде Кумтөр кенинин администрациясынын коомдук тамактануу бөлүмүнөн 5 ашпозчу – Джаныбекова Кундузкан, Эгинбаев Берик, Табылды уулу Индирбек, Сабыров Адилет, Эгембердиев катышты.


Мындай эл аралык сынактарга катышуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) ашпозчуларынын кесиптик чеберчилигинин жана мотивациясынын өсүшүнө өбөлгө түзөт, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар менен түрдүү тамактарды жасоо боюнча тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын командасы упай системасы боюнча жалпы эсепте биринчи орунду ээледи. Бул КГК ашпозчуларынын быйылкы эл аралык сынактардагы экинчи жеңиши жана алар шахтада күнүмдүк эмгек тапшырмаларын аткарууда алардын даярдыгынын жана жөндөмдүүлүгүнүн жогорку деңгээлинин далили болуп саналат.



КГК
КГКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх