Бишкектен Индияга түз аба каттамы ачылат
Тараптар 2025-жылдын 15-февралынан тартып Дели-Бишкек-Дели багыты боюнча жаңы каттам ачууну макулдашты
«МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов IndiGo Airlines (Индия) авиакомпаниясынын вице-президенти менен жолугушуп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Тараптар 2025-жылдын 15-февралынан тартып Дели-Бишкек-Дели багыты боюнча жаңы каттам ачууну макулдашты.
«Бул туристтердин агымын арттырып, эки өлкөнүн ортосундагы маданий, билим берүү жана экономикалык байланыштарды бекемдейт. Манасбек Самидинов «МЭА» ААК жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу боло турган каттамдарды уюштурууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи», — деп жазылат маалымат