Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кумтөр» Улуттук филармониянын солисттеринин Каракол шаарындагы спектаклинин премьерасына демөөрчү болду

Каракол шаарында облустук театрдын сахнасында «Кумтөр Голд Компанинин» колдоосу менен Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын солисттеринин концерти өттү. Көрүүчүлөргө «Тикенек аркылуу бакытка» аттуу музыкалык спектаклдин премьерасы тартууланды. Ошондой эле меймандар Ысык-Көл облусунун областтык борборуна сүрөт көргөзмөсүн алып келишти.

Спектаклдин режиссёру Алтынбек Максүтовдун айтымында, Кыргызстан эли руханий жактан өнүгүүгө абдан муктаж жана мамлекет менен «Кумтөр» компаниясы бүгүнкү күндө маданият тармагына жигердүү жардам берип жатканы өнөрпоздордун чыгармачылык жактан өсүшүнө чоң стимул болууда.

- Биздин премьера менен Ысык-Көлгө концерт коюуга чакырган Теңиз Бөлтүрүккө ыраазычылык билдиргим келет. Бул спектакльге бир айдан ашык даярданганбыз. «Тикенек аркылуу бакытка» пьесасы бир үй-бүлөнүн, чындыгында бүтүндөй өлкөнүн ойдон чыгарылган окуясын баяндаган боорукер лирикалык комедия. Бул ар бирибиз жөнүндө, адамды эмне бактылуу кылгандыгы тууралуу баян. Бактылуу адам болуш үчүн өз жерин, каада-салтын, үй-бүлөңдү сүйүшүң керек деп ойлойм, - деп кошумчалады Алтынбек Максүтов.



Белгилүү акын-импровизатор Аалы Туткучевдин катышуусундагы спектакль көрүүчүлөргө жаркын, унутулгус сезимдерди тартуулады. Аягында артисттерди дүркүрөгөн кол чабуулар менен узатышты.



- Маданият өлкө үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө «Кумтөр Голд Компани» маданият жана искусство тармагындагы долбоорлорду активдүү колдойт. Тилекке каршы, аймактардагы эл театрларга барчу жолду дээрлик унутуп калды. Андыктан мындай концерттерди өлкө боюнча мындан ары да өткөрүп турабыз, элге жеткиликтүү кылабыз, - деди куттуктоо сөзүн сүйлөгөн КГКны жетектеген «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк. .


Уюштуруучуларды, спектаклдин катышуучуларын жана анын көрүүчүлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов да куттуктады.

«Ушул сонун концертти уюштурган «Кумтөр» компаниясына жана Теңиз Бөлтүрүккө чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. Маданиятсыз эл болбойт. Адамдын руханий сапаттарын тарбиялай турган маданият. Мындай маданий иш-чаралар мүмкүн болушунча көп болушу керек», - деди облус жетекчиси.

КГК
КГКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх