Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ызы чуусу көп «табып» Хашим Зейналиев Кыргызстандан чыгып кетти (сүрөт)

Ал өз ишмердүүлүгүн Оманда улантууну көздөйт деп билдирилет

«Табып-онколог» Хашим Зейналиев Кыргызстандан чыгып кетти, ал Оманда туруктуу жашоого ниеттенип жатат. Бул тууралуу ЖМК билдирет.

Зайналиевдин Оманда дарыгерлик кылууга уруксат алгандыгы белгилүү болду.

Анын клиникасынын айрым бир оорулуулары анын кетишине нааразы болуп, элдик дарыгер деп аталган неменин артынан дарылануусун улантканы барышаарын билдиришти.

Эске сала кетсек, Бишкек шаардык соту табып Хашим Зайналиевге дарыгерлик ишмердүүлүгүн улантууга тыюу салган.
2018-жылы бештин айында «табып-онколог» Хашим Зайналиевге кылмыш иши козголгон, анткени анын мыйзамсыз дарыгерлигинин кесепетинен беш жаштагы кыз канындагы рак менен оор абалда ооруканага түшкөн.
Саламаттык сактоо Министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова табыптын лицензиясы жоктугун бир канча жолу айткан, бирок ал ошого карабастан көп жылдан бери өз ишмердүүлүгүн улантып келди.

2017-жылы жайында Зайналиевдин операциялык столунда оорулуу аял каза болгон, анткени ал анын эмчегин наркозу жок алып салууга аракет жасаган. Ошонун айынан ага «мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» фактысы боюнча биринчи кылмыш иши козголгон.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх