Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туркия 2025-жылы туризмде рекорддук көрсоөткучтөргө жетишти

Түркия 2025-жылы туризм тармагында өз тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирине жетишти. Стамбул шаарында өткөн маалымат жыйынында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой 2025-жылдын жыйынтыктарын коомчулукка жарыялады.

Çanakkale_Assos_Behramkale_5464x3640px__300-dpi-3_1.jpg

Министрдин маалыматына ылайык, 2025-жылы Түркияга келген чет өлкөлүк туристтердин жалпы саны 64 миллион адамды түздү. Ошол эле учурда, туризм тармагынан түшкөн жалпы киреше 65 миллиард 231 миллион АКШ долларына жетип, тарыхый рекорд катары катталды.

Hagia-Sophia-İstanbul-0_1.jpg

Министр Эрсой өз сөзүндө Түркиянын туризм тармагы акыркы жылдары олуттуу өсүшкө жетишкенин белгилеп, 2026-жылга карата 68 миллиард долларлык киреше максаты коюлганын билдирди. Анын айтымында, Түркия дүйнөлүк туризм картасында өз позициясын бекемдеп, аймактык гана эмес, глобалдык деңгээлдеги алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирди.

İstanbul-Bosphorus-1_1.jpg

Ошондой эле министр Түркиянын туризм саясаты деңиз, кум жана күн форматынан чыгып, маданий жана диний туризм, табиат жана экотуризм, археология, ден соолук жана термалдык туризм, гастрономия, конгресс жана көргөзмө туризми, круиз жана кышкы туризм сыяктуу багыттарда кеңири өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Kars_Winter_train_5616x3744px_1.jpg

“Келечек үчүн мурас” концепциясынын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана Түнкү музейлер демилгеси Түркияны маданий мурасты сактоо жана таанытуу жаатында дүйнөдөгү алдыңкы мисалдардын бирине айлантты.

Lake-Salda-Burdur_1.jpg

Кыргызстан рыногунда да туруктуу өсүү байкалууда.

2025-жылы Кыргызстан тараптан Түркияга барган туристтердин саны 2024-жылга салыштырмалуу 8 пайызга өсүп, 199 280 адамга жетти. Бул көрсөткүч Түркиянын кыргыз туристтери үчүн ишенимдүү, популярдуу жана ар тараптуу туристтик багыт бойдон калып жатканын дагы бир ирет тастыктайт.

Ataturk-Cultural-Center-AKM-2_1.jpg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх