Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Futureleaderskg

Шакира Кыргызстанга келди. Бүгүнкү концерт тууралуу эмнелерди билүү керек?

«Бишкек Аренанын» жанындагы айрым көчөлөр жабылып, көрүүчүлөр үчүн акысыз автобустар каттайт

18-октябрга караган түнү дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакира Кыргызстанга келди. Бишкек анын Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк турнесинин кезектеги аялдамаларынын бири болду.

«Манас» эл аралык аэропортунан ырчыны президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жана президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов тосуп алышты.

Концерт бүгүн, 18-октябрда, «Бишкек Аренада» өтөт. Башталышы саат 19:00дө. Программада Hips Don’t Lie, Waka Waka, Whenever, Wherever жана башка белгилүү хиттер бар.

Концерт өтө турган күнү стадиондун айланасында жол кыймылынын схемасы өзгөртүлдү. Саат 07:00дөн тарта төмөнкү көчөлөрдүн айрым тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди:

• Аалы Токомбаев көчөсү — Масалиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

• Муромская көчөсү — Алыкулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;

• Эр-Тайлак көчөсү — Масалиев көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин;

• Куюков көчөсү — Масалиев көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин.

Көрүүчүлөр үчүн «Бишкек Аренага» алты багыт боюнча акысыз автобустар уюштурулган. Алар саат 15:00дөн 18:00гө чейин 4–6 мүнөт аралык менен каттайт. Концерт аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткирүү да каралган.

Уюштуруучулар концертке бара тургандарды жолго алдын ала чыгууга жана мүмкүн болушунча коомдук транспортту пайдаланууга чакырууда.

Концертке билеттер дагы бар. Аларды расмий GovTicket платформасынан сатып алууга болот.

Шакиранын Бишкектеги концерти анын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болот.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх