Чет өлкөдө төрөлгөн балдар үчүн «Бала ырысы» жөлөкпулун кантип тариздөө керек?
Эмгек министрлиги арыз берүүдө ката чыкса эмне кылуу керектигин түшүндүрдү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө төрөлгөн балдар үчүн «Бала ырысы» жөлөкпулун тариздөөнүн тартибин түшүндүрдү. Министрликтин маалыматына ылайык, эгер «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз берүүдө ката чыкса, бул балага жеке идентификациялык номер (ЖИН) ыйгарылбагандыгына же анын ата-энесинин маалыматтарына байланыштырылбагандыгына байланыштуу болушу мүмкүн.
Мындай учурда ата-энелер жакынкы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборуна кайрылышы керек.
Өзү менен төмөнкү документтерди алып баруу зарыл:
-баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы;
-ата-энесинин биринин паспорту;
-эгер күбөлүк чет тилде берилген болсо, анын кыргыз же орус тилине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу.
Калкты тейлөө борборунда балага ЖИН ыйгарылып, ал ата-энесинин маалыматтарына байланыштырылат. Андан кийин Эмгек министрлигинин адистери маалыматтарды системага киргизип, «Бала ырысы» жөлөкпулун тариздөөнү улантууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Министрлик ошондой эле эгер балада Кыргызстандын жаранынын паспорту жок болсо, жарандыкка таандык экендиги тууралуу маалымкатты алдын ала алуу керектигин эскертет. Бул документти дагы Калкты тейлөө борборунан алууга болот. Маалымкат 14 жумуш күнүнө чейин даярдалат. Эмгек министрлиги чет өлкөдө төрөлгөн балдардын ата-энелерине баланын ЖИНи бар-жогун алдын ала текшерип коюуну сунуштайт. Бул «Бала ырысы» жөлөкпулун дайындоодо мүмкүн болгон кечигүүлөрдүн алдын алууга жардам берет.