ИИМ жасалма интеллект менен интимдик видео жасаган алдамчылар тууралуу эскертти
Адистер шектүү видео жана сүрөттөрдү текшерүүгө чакырат
Жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү өнүккөн сайын, дипфейк технологияларын колдонуу менен жасалган кылмыштардын саны да өсүүдө. Дал ушундай чуулгандуу окуя Малайзияда катталды: бир нече жогорку кызматтагы саясатчыларга алардын аброюна шек келтирген жасалма видеолорду коомчулукка жарыялайбыз деген коркутуу каттары жөнөтүлгөн.
Малайзиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына ылайык, кеминде он депутат жана мамлекеттик бийлик өкүлү ушундай каттарды алышкан. Каттарга жасалма интеллект технологияларынын жардамы менен даярдалган, интимдик мүнөздөгү видеолордун скриншоттору тиркелген. Кат ээлеринен 100 миң АКШ долларын которуу талап кылынып, талап аткарылбаса, аталган материалдар коомчулукка жарыяланары айтылган. Мындай кат Малайзиянын байланыш министри Фахми Фадзилге да келген.
Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында бардык каттар бир эле электрондук почта дарегинен жөнөтүлгөнү, ошондой эле алардын тексти менен тиркелген сүрөттөрү дээрлик толугу менен окшош экени аныкталган.
Каттарды алгандардын арасында Малайзиянын мурдагы экономика министри жана парламент депутаты Рафижи Рамли, парламент депутаттары Вонг Чен менен доктор Тауфик Жохари, жаштар жана спорт министринин орун басары Адам Адли, Селангор штатынын аткаруу кеңешинин мүчөсү Наджван Халими, сенатор Манолан Мохамад, Кулим мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Вонг Чиа Чжэнь, Селангор штатынын аткаруу кеңешинин дагы бир мүчөсү доктор Фахми Нгах жана байланыш министри Фахми Фадзиль болгон.
Малайзиянын бийлиги бул окуяны алдын ала уюштурулган опузалап акча талап кылуу өнөктүгү катары баалады. Өлкөнүн Байланыш министрлиги Улуттук байланыш жана мультимедиа комиссиясына укук коргоо органдары менен биргеликте каттарды жөнөткөн адамдардын өздүгүн аныктап, ишти иликтөөнү тапшырды. Ошондой эле каттарды таратуу булагын аныктоо үчүн Google компаниясына расмий кайрылуу пландалып жатканы маалымдалды.
Малайзиянын мыйзамдарына ылайык, мындай аракеттер кылмыш катары бааланат. Өлкөнүн мыйзамдарында адамдарды коркутуу, опузалап акча талап кылуу максатында билдирүүлөрдү таратуу жана коркутуу мүнөзүндөгү аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Эксперттердин айтымында, генеративдүү жасалма интеллекттин өнүгүшү жасалма сүрөттөрдү жана видеолорду (дипфейктерди) жаратууну кыйла жеңилдетти. Эгер мурда мындай материалдарды даярдоо татаал техникалык иштетүүнү талап кылса, бүгүнкү күндө аларды интернеттеги жеткиликтүү кызматтардын жардамы менен бир нече мүнөттүн ичинде эле түзүүгө мүмкүн.
Малайзиялык саясатчыларга байланыштуу бул окуя бийлик өкүлдөрүн опузалоо үчүн дипфейк технологиясынын массалык түрдө колдонулган алгачкы резонанстуу учурларынын бири болуп калды. Ошол эле учурда адистер мындай схемалар саясатчыларга гана эмес, кесибине же коомдогу ордуна карабастан, каалаган жаранга каршы колдонулушу мүмкүн экенин эскертишет.
Ошондуктан жасалма интеллект технологиялары жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу менен катар, санариптик коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууну да талап кылат. Ар бир жаран жеке маалыматтарын коргоого, интернетте тараган фото жана видеоматериалдардын аныктыгын текшерүүгө жана белгисиз булактардан келген шектүү билдирүүлөргө этият мамиле кылууга тийиш.
Мындай факт Кыргызстанда да катталган. Ошондуктан адистер интернетте тараган фото, аудио жана видеоматериалдарга ишенбөөгө, маалыматтын аныктыгын расмий булактар аркылуу текшерүүгө чакырышат. Ошондой эле шек жараткан материалдарды шашылыш бөлүшпөстөн, алардын чын-төгүнүн тактап көрүү санариптик коопсуздукту камсыздоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.