Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шакиев Беларустун элчисине Кыргызстан өндүрүштүк багытта тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин айтты

Жолугушууда алакалардын учурдагы абалы жана келечеги талкууга алынды

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сергей Молуновду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, төрага алгач Молуновду Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады. Жолугушууда алакалардын учурдагы абалы жана келечеги талкууга алынып, Шакиев эки тараптуу мамилелерге тиешелүү маселелерге токтолду.

"Кыргызстан калыптанган алакаларды арттырып, айрыкча өндүрүштүк багытта тажрыйба алмашууга кызыкдар. Бул жаатта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет”, – деди ал.

Өз кезегинде Молунов жылуу кабыл алганы үчү Шакиевге ыраазычылык билдирип, элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында айтылган сунуш-пикирлер боюнча жигердүү иш алып барарын убада кылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх