Таласта төө бурчак маселеси толук чечилди
Талас облусу Кыргызстандагы төө буурчак өндүрүүнүн негизги борбору болуп саналат
КР президенти Садыр Жапаров 13-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында төө буурчак маселеси кийинки жылы толук чечилерин белгилеп, бул багытта комплекстүү чаралар көрүлөрүн айтты. Мындан улам 2026-жылы Талас облусунда кайра иштетүү, сорттоо жана фасовкалоо иштерин жүргүзө турган заманбап завод курула турулат. Анын курулушуна болжол менен 1 миллиард сом каражат жумшалат. Ошондой эле президент 2026-жылдын башында 1 млрд сом бөлүп берээрин убадалады.

Эске салсак, Талас облусу Кыргызстандагы төө буурчак өндүрүүнүн негизги борбору болуп саналат. Өлкө боюнча экспорттолгон төө буурчактын 70 пайыздан ашыгы ушул аймакта өстүрүлөт.