Кыргызстанда Казакстандын кино күндөру өтөт
Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору, 20–22-август күндөрү Бишкек шаарындагы “Ала Тоо” кинотеатрында Казакстандын Кыргызстандагы кино күндөрү өтөт. Иш-чаранын алкагында казакстандык белгилүү режиссёрлордун көркөм тасмалары көрсөтүлүп, ар бир киносеанстан кийин авторлор менен жандуу талкуу уюштурулат.
Программа:
-20-август, 18:00 – “Казак хандыгы. Алтын тақ” (реж. Рустем Абдрашов)
-21-август, 14:00 – “Операция Набат” (реж. Рашид Сулейменов)
-22-август, 11:00 – “Жамбыл. Жаңа дәуір” (реж. Жандос Кусаинов)
Көрсөтүүлөрдүн баары акысыз.
Бул маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Ш.Айманов атындагы “Казакфильм” УК” ААК, ошондой эле Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Кино сүйүүчүлөрдү Казакстандын тарыхы, маданияты жана заманбап коомун чагылдырган мыкты тасмалар менен таанышууга чакырабыз.
Фото www