Акыркы 9 айда 20 млрд сомдун тегерегинде каражат мамлекетке кайтарылды - Максат Асаналиев
Ар кандай тармактарда прокуратура органдары тарабынан 700дөй текшерүү жүргүзүлдү
Башкы прокурор Максат Асаналиев журналисттерге үстүбүздөгү жылдын 9 айында мекеме тарабынан аткарылган иштер тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, 9 ай аралыгында 20 млрд сомдун тегерегинде каражат мамлекетке кайтарылды.
"Ар кандай тармактарда прокуратура органдары тарабынан 700дөй текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузууларды четтетүү жана мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтарып берүү боюнча 1 миңге жакын прокурордук чара көрүү актылары киргизилген", - деди ал.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз