Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИӨФ Ишкерлер күнүнө карата акция жарыялайт. Насыялык пайыздык чендер 17%га чейин төмөндөйт

Фонд ошондой эле рефинансирлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт 

20-сентябрда белгиленген Ишкерлер күнүнө карата Каржы министрлигине караштуу «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ишкерлерди колдоо максатында атайын акция жарыялайт. Керектөөчү насыялар боюнча пайыздык чен жылына 17%га чейин төмөндөдү — бул өлкөдөгү эң төмөнкү чен, атүгүл коммерциялык банктардагы чендерден да аз.

Фонд ошондой эле рефинансирлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт — башка банктардан жогорку пайыздар менен алынган учурдагы насыяны жаап, натыйжада насыялык жүктү бир топ жеңилдетүүгө шарт түзөт.

Белгилей кетсек, насыялар ишкерлерге да, жөнөкөй жарандарга да жеткиликтүү. Бул акциянын негизги максаты — ишкерлерди жана калкты колдоо, ар бир адамга насыялык жүгүн азайтууга, бизнесин өнүктүрүүгө же үй-бүлөлүк муктаждыктарын аткарууга мүмкүнчүлүк берүү, ошондой эле жаңы демилгелерди ишке ашырууга шарт түзүү. Биз ишенебиз: арзан жана жеткиликтүү насыялар пландарды ишке ашырууга жардам берет жана өлкө экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Насыя алууну каалагандар 0559 95 67 99 номери аркылуу кайрылса болот.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх