Жеңилдетилген насыялар 8% менен кайрадан баардык аймактарда жеткиликтүү болду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 500 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүп
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ачык акционердик коому (ИӨФ) ишкерлер үчүн жылдык 8% менен берилүүчү жеңилдетилген насыялар өлкөнүн бардык аймактарында жана шаарларында кайрадан жеткиликтүү болгонун маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 500 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүп, аталган насыя программасын ИӨФ аркылуу 2025-жылдын июль айынан тартып ишке ашырууну баштаган.
Бул каражаттар калктын санына жараша бардык аймактар боюнча адилеттүү бөлүштүрүлгөн. Ошондой эле насыяларды ачык жана таза берүү максатында Фонддун расмий сайтында электрондук кезек (онлайн-тиркеме) түзүлгөн.
Бирок электрондук каттоо аркылуу кезекке тургандардын арасында ишкер катары катталбаган же насыя алуу үчүн зарыл болгон документтерди даярдай албаган жарандар да болгондуктан, айрым аймактарда каражат толук өздөштүрүлгөн эмес.
Эми төрт ай өткөндөн кийин, бөлүнгөн каражаттар республика боюнча бардык аймактарга кайра багытталууда. Мындай чечим каражатты натыйжалуу пайдаланууга жана ишкерлерге реалдуу мүмкүнчүлүк берүүгө шарт түзөт.
ИӨФ ишкерлерди жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн өздөрүнүн аймактык филиалдарына кайрылууга чакырат.
Насыянын эң жогорку көлөмү — 5 миллион сомго чейин, мөөнөтү — 60 айга чейин, жылдык үстөк пайызы — 8%.