Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте түнкүсүн көчөдө жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо рейди өттү

 Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бишкекте түнкү убакта чоңдордун коштоосуз жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо рейди өттү.

Мэриядан маалымдашкандай, рейдге Ленин акимиаты райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын жана РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен чыкты.

Адистер балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында түнкү убакта ата-энелеринин коштоосуз жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча жума сайын ушундай рейддерди өткөрөт.

Бул ирет парктар, компьютердик клубдар жана башка коомдук жайлар текшерилип, жыйынтыгында 1 жашы жете элек өспүрүм аныкталып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскертке кетсек, 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө түнкү убакта ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз коомдук жайларда жүрүүгө тыюу салынат. Жайында (1-июндан 31-августка чейин) саат 23:00дөн таңкы 6:00гө чейин, ал эми калган мезгилдерде 22:00дөн 06:00 таңкы чейин балдар жалгыз жүрүүгө болбой

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх