Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик кызматкерлерди кызматка кирер алдында ант берүүгө милдеттендирүү сунушталууда

Документ 25-ноябрдан тарта парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду

Жеңишбек Токторбаев депутаттык кызматка киришип жатып ант берип жаткан учур
Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирген жарандарды ант берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун сунуштады. Документ 25-ноябрдан тарта парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, тиешелүү мыйзамды биринчи жолу кызматка киришкен кызматкер тийиштүү мамлекеттик же муниципалдык органдын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин алдында ант берген берене менен толуктоо сунушталууда.

“Мен, .................. Кыргыз Республикасынын жараны, .............................. кызмат ордуна киришип жатып Кыргызстандын элинин алдында өзүмдүн жогорку жоопкерчилигимди түшүнүү менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, өз ишимде мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин орундоого, өз милдеттеримди ак ниет жана берилгендик менен аткарууга жана Кыргызстандын элине бүткүл билимиме жана берилгендигиме ылайык кызмат кылууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексинин ченемдерин сактоого салтанаттуу ант беремин. Берген антымды бузганым үчүн белгиленген жоопкерчиликти тартууга даярмын", - деп жазылат анда.

Ант берген адам анттын текстине кол коёт жана аны кабыл алган датаны көрсөтөт. Анттын тексти мамлекеттик кызматчынын өздүк көктөмөсүндө сакталат. Ант кызматкер кызматка киришкен учурдан тартып жети жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

Демилгечи мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттин жана элдин алдындагы моралдык жана адеп-ахлактык жоопкерчилигин күчөтүү максатында иштелип чыкканын белгилейт. Ошондой эле ал кызматкерлер ант бергенден кийин ант алардын өз кызматына берилгендигинин символу болуп, жоопкерчилигин эске салат жана натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон этикалык, укуктук жана кесиптик стандарттарды калыптандырууда негизги ролду ойнойт деп эсептейт.

Токторбаев 2016-жылдын 30-майындагы "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ант берүүсү каралганын эске салып, азыркы мыйзамдарда мындай норма жок экенин кошумчалаган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх