Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлгө ден соолугун чыңдаганы келгендердин саны күн санап өсүүдө

Ошону менен бирге эксперт сервистин үстүндө дагы да иштөө керектигин белгилейт

Ысык-Көлдү «эл аралык ден соолук чыңдоочу жай» деп атоого негиз бар. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын туризм Департаментинин мурдагы башчысы, туристтик маркетинг боюнча эксперт Максат Чакиев бөлүштү.

- Акыркы убактарда Ысык-Көлдө медициналык туризм өнүгө баштады, - деп белгилейт ал. - Мурда мындай кызматтарды бир гана санаториялар аткарышчу, азыр болсо андай спа-процедураларды пансионаттардан да алса болот. Кайнар булактардын жана дарылоочу ылайлардын көптүгү байлык, аларды элдер колдонушуп айыгат.
Чакиев акыркы убактарда чет элдиктердин «кыргыз берметине» келип ден соолугун чыңдоого болгон умтулуусу көбөйгөндүгүн кошумчалады.

- Албетте, биздин пансионаттардын тейлөө сапаты Германия жана Түштүк Кореяга караганда бир аз төмөнүрөөк, ал жакта медициналык туризм аябай өнүккөн, - деп мойнуна алды ал. - Бирок эң башкысы - баштап алуу. Мен бул тармакта ийгиликтерди багындыруубузга ишенем.

Түшүндүрө кетели, мурда вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өз сөзүндө Кыргызстандагы туризмден түшкөн киреше ИДП 5 пайызын түзөт.

«Кыргызстан туристтерди кызыктыра турган өлкөлөрдүн катарына кирген. Ысык-Көл мурда бүткүл союздук ден соолук чыңдоочу жай болгон, биз ошол атагын кайрып алабыз», - деп келтиришет Аскаровдун сөздөрүн журналисттер.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх