Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Исмаилова: Эмне бизге кальянга акциз беришеби?

Эл өкүлү тамеки чегүүгө каршы күрөшүү үчүн тыюу салуу киргизүү зарыл деп эсептейт

Акциздин жардамы менен Кыргызстандагы тамеки чегүү көйгөйүн чечүүгө мүмкүн эмес. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова бөлүштү.

- Эмне бизге акциз берет бекен? - деп суроо узатат ал. Кальян жана электрондук чылым ыкмасы менен тамеки чегүү көйгөйүнөн арылышка мүмкүн эмес. Буга башкача жол керек. Биз тамеки чегүүго тыюу салган мыйзам долбоор киргиздик, ошондуктан ошондуктан буд маселени чындап чечели десек, анда тыюу салуу зарыл. Болбосо, жөн гана акцизди чаптап коюп бул маселени чече албайбыз. Ишкерлер баарына кайыл, атүгүл бул нерсе кымбатчылыкка алып келсе да макул. Алар кандай болгон күндө да эптеп бир жолун табат өз бизнестери үчүн.

Түшүндүрө кетели, кечээ парламенттин жыйынында депутат Экмат Байбакпаев кальянга акциз киргизели деген сунуш кылды. Эл өкүлү билдиргендей, социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, Бишкектин 62 мектебинде 13-15 жашар окуучулардын 7 пайызы кальян чегээри аныкталды. Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Азамат Арапбаев курамында тикотин бар нерселерге акциз киргизүү сунушу менен чыкты. Ошону менен бирге ал чеге турган нерселерди, электрондук чылымдарды алып келүү жана керектөө канчалык көп суроо талап болуп жаткандыгына карабастан көзөмөлгө алынбастыгын кошумчалады. Эл өкүлүнүн оюнча, акцизди киргизүү бюджетти толтурат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх