"Кумтөр" ишканасы жыл башынан бери 9,3 тонна алтын өндүрдү
Ошондой эле ал мамлекетке өткөн үч жылга жетпеген убакытта Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 174 млн доллардан ашканын кошумчалады
"Кумтөр Голд Компани" ЖАК үстүбүздөгү жылдын 10 айында 9 тонна 316 килограмм алтын өндүрдү. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде ишкананын президенти Алмазбек Барыктабасов билдирди.
Анын айтымында, ишкана 2024-жылдын 10 айга 9 тонна 197 киллограмм планын койгон. Ошентип, алтын өндүрүү боюнча план ашыгы менен аткарылган.
"2021-жылы 14 тонна алтын өндүрүлгөн. 2022-жылы 17,3 тонна. 2023-жылы 13,5 тонна. Ал эми 2024-жылдын 10 айында “Кумтөр Голд Компани” ЖАК 9 тонна 316 килограммды түздү. Жалпысынан ушул толук эмес үч жыл ичинде “Кумтөр Голд” ишканасы 40 тоннадын ашык алтын өндүрүлдү.
Ошондой эле ал мамлекетке өткөн үч жылга жетпеген убакытта Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 174 млн доллардан ашканын кошумчалады.
"Үч жыл арасындагы убакытка токтоло кетсек, 2021-жылы таза кирешебиз 233 млн доллар, 2022-жылы 372 млн доллар, 2023-жылы 302 млн долларды түздү. Ал эми 2024-жылдын октябрь айын кошо эсептегенде Күмтөрдүн таза кирешеси 266 млн долларды түздү. Жалпылай сумманы алсак, толук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 174 млн доллардан ашты”, - деди ал.