Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды 

Тоннелдер боюнча акысыз жүрүүгө уруксат берилген жеңилдиктердин санын кыскартуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин жыйынында “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков тааныштырды.

Мыйзам долбоору Бишкек-Ош автомобиль жолдорундагы тоннелдерди тартипке келтирүү, күтүү жана пайдалануу максатында, ошондой эле республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн, андан ары Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдердин абалын жакшыртуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан. Мыйзам долбоор менен колдонуудагы “Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексине тоннелдер боюнча акысыз жүрүүгө уруксат берилген жеңилдиктердин санын кыскартуу сунушталууда.

Талкууда депутат Русланбек Жакышов Бишкек-Ош жолунда жайгашкан “Сосновка” жана “Кара-Көл” транспорттук көзөмөл постунун жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын, чогулуучу каражаттардын максаттуулугун сурады. Депутат Дастанбек Джумабеков тоннелдер боюнча акысыз жүрүүгө уруксат берилген жеңилдиктерди кимдер колдонула аларын тактады. Депутат Нурланбек Азыгалиев Төө-Ашуудагы тоннел аркылуу Суусамыр айылына каттаган жергиликтүү тургундарды да төлөмдөн бошотуу сунушун берди.

Ошондой эле жыйында “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх