2024-жылдын 10 айында дыйкандарга 17,7 млрд. сомго 6971 даана техника берилген
Оруп-жыюу иштери боюнча быйылкы жылы 2,2 млн тонна дан эгиндери жыйналып, бул былтыркыга салыштырмалуу 246 миң тоннага көп
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады. Ал белгилегендей, быйылкы жылы айыл чарба тармагында республикада 12 долбоор бекитилип, өсүмдүк өндүрүүгө 468 млн сом каралган. Оруп-жыюу иштери боюнча быйылкы жылы 2,2 млн тонна дан эгиндери жыйналып, бул былтыркыга салыштырмалуу 246 миң тоннага көп.
2024-жылдын 10 айында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан дыйкандарга 1 млрд сомго 1055 техника жеңилдетилген шарттарда лизингге берилди. Ал эми бардыгы болуп дыйкан-фермерлерге 17,7 млрд. сомго 6971 даана техника берилген.
Талкуу учурунда депутат Акбөкөн Таштанбеков айыл чарба продукцияларын экспортко чыгарууда логистикалык борборлорду чет мамлекеттерде уюштуруу сунушун айтты. Депутат Алишер Эрбаев өлкөдө бош жаткан жерлерди иштетүү, кунарсыз аянттарды өздөштүрүү багытындагы министрликтин иш аракеттерин сурады. Ошондой эле депутат өлкөдө азык түлүк коопсуздугу жагында өздүк продукциялардын жетиштүүлүгүнө көңүл бурду.
Депутат Жалолидин Нурбаев өлкө аймагында курулуп жаткан БСРлер боюнча маселеге токтолуп, Араван районун аймагында жаңы жерлерди өздөштүрүү максатында суу сактагыч куруу жагдайын белгиледи. Эл өкүлү Нилуфар Алимжанова жаз алды табигат кырсыктарынан жабыр тарткан дыйкандарга көрсөтүлгөн колдоолор, мамлекеттик банк аркылуу берилген насыялар боюнча маалыматтарды сурады.
Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев министрликтин алдындагы департаменттерге кадрларды туура тандоо маселесине кайрылып: “Ветеринардык кызматтын жетекчиси жакында коррупцияга шектелип кармалды, иштей турган кадрларды алып келишиңер керек”,- деди ал. Муну менен катар Аманкан Кенжебаев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы ы министрлигинин алдындагы департаменттерди реформалоо зарылдыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Ветеринардык кызматтын эмес, ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси укук коргоо органдары тарабынан кармалгандыгы тууралуу маалымат тараган. Андыктан, комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев өз сөзүндө туура эмес маалыматты мисал катары келтирип алган.