Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бийликти күч менен басып алууга күнөөлүүлөрдү Кыргызстандын жарандыгынан ажыратууну каалашат

Эксперт мындай практика көп өлкөлөрдө колдонулаарын белгиледи

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин айрым бир беренелери менен айыпталган кыргызстандыктарды жарандыгынан ажыратуу керек, анткени ар бири эмне кылып жатканын билиши керек. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына улуттук жана аймактык коопсуздук боюнча адис Орозбек Молдалиев бөлүштү.

- Көп өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу Казакстан менен Өзбекстанда мамлекетке чыккынчылыкка же терроризмге айыпталгандар жарандыгынан айрылат, - деп түшүндүрдү ал. - Эгерде адамдын жарандыгы болбосо, анда ал шайлоого катышууга, мамлекеттик кызматта иштөөгө жана аскерде кызмат кылганга укугу жок болуп калат.

Орозбек Абдысаламович бир жагынан алып караганда бул чаралар негизги адам укуктарын бузбайт деп белгиледи.

- Чын чынына келгенде биздин өлкөдө жарандыгы жок кишилер өтө көп, - дейт ал. - Андайлар кыргыз жарандыгын алгысы келген бардык чет өлкөлүктөр. Адегенде алар жарандыгы жок деген макам алышат. Бул нерсе болсо бир нече жылдарга да созулушу мүмкүн.

Түшүндүрө кетели, адилет Министрлиги «Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу тууралуу» конституциялык мыйзамдолбоорун коомчулуктун талкуусуна алып чыкты.

Мекеме документте бир нече кылмыштарды кылган айыптууларды жарандыктан алуунун механизми сунушталат:

1.Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 239 беренеде каралган кылмышты кылган учурда жарандыгы алынат (Террордук акт), 240 беренеде (Террористтик ишмердүүлүктү каржылаган учурда), 243 беренеде (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттеги согуштук аракеттерге катышуусу же аскердик даярдуктан өтүүсү), 307 беренеде (Мамлекетке чыккынчылык кылуу), 309 берене (Бийликти күч менен басып алуу), 311 (Сепаратисттик ишмердүүлүк), 314 берене (Экстремисттик уюмду түзүү), 395 берене (Жалдануу).Булкылмыштардын тизмеси мекемелер аралык жумушчу топтун курамына кирген мамлекеттик органдардын сунушунун негизинде аныкталган;

2. Жогоруда айтылган кылмыштарды кылган учурда сот белгилүү бир мөөнөткө эркинен ажыратуу менен бирге жарандыгын да алып салат;

3. Күчүнө кирген айыптоочу өкүм Кыргыз Республикасынын калкты каттоо жаатындагы мамлекеттик органга жөнөтүлүшү керек.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх