Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта аскер комиссарын тергөө абагына киргизишти. Ал жергиликтүү тургундан 25 миң сом пара алган

УКМК Жемкорлукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери полковникти пара алып жаткан жеринен кармашты

УКМК Жемкорлукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери чын курандын он бешинде Талас шаардык аскер комиссариатынын начальниги, ички кызматтын полковниги 1967-жылы туулган Ж.А. 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармашты.

Кармалган адам жергиликтүү тургундан аскер кызматын өтөөдөн баш тарткандыгы үчүн кылмыш ишин козгойм деп коркутуп, мурда алып алган паспортун кайтарып берүү үчүн 25 миң сом акча алган.

Материал кылмыш жана жоруктарды каттоонун Бирдиктүү реестрине катталып жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326 беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Кармалган киши УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК маалымат кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх