Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Крокустагы террордук ишке катышкан сегизинчи адам 32 жаштагы Кыргызстандын жараны болуп чыкты

Ал эки айга камакка алынды

Крокус Сити Холлдогу теракт боюнча козголгон кылмыш ишинин сегизинчи соттолуучусу Кыргызстандын 32 жаштагы тургуну Алишер Касимов болду. Ал баш коргоо чарасын тандоо үчүн Москванын Басманный сотуна жеткирилди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 4-мартта Түркиядан Орусияга келген террордук топтун лидери Шамсидин Фаридуниге Путилководогу батирин ижарага берген.

Алишер Касимов өзү Красногорск шаарында жашайт жана чакан кафеге ээ. Кесиби боюнча ашпозчу, үч баласы бар.

Соттук отурумда ал Шамсидин Фаридуни менен 3 бөлмөлүү батирин ижарага алгысы келгенде интернет аркылуу таанышканын билдирди.

Москванын Басман соту Касимовду эки айга СИЗОго камады.

Эске сала кетсек, 22-март күнү кечинде Москва районундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында террористтер атыш башташкан. Бул убакта ал жерден «Пикник» тобунун концерти башталышы керек эле. Кол салгандар адамдарды сыртка чыгышына жол бербөө үчүн аларды автоматтар менен атып, чыгуучу жерлерди өрттөшкөн.
Теракттын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 139 адам каза болуп, анын үчөө бала, 180 ден ашууну жарадар болгон.
ФСБнын маалыматы боюнча, 11 шектүү, анын ичинде терактка түздөн-түз тиешеси бар төрт адам кармалган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалгандар Тажикстандын жарандары.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх