Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн түнү жерди акыркы 20 жылдагы эң күчтүү магниттик бороон каптайт

Бороондун таасири бир нече күнгө созулушу мүмкүн

Акыркы 20 жылдагы эң күчтүү G4 магниттик бороону ушул түнү болушу мүмкүн. Бул тууралуу Орусия Илимдер академиясынын Космос изилдөө институтунун күн астрономиясы лабораториясынын жетекчиси Сергей Богачев эскертти.

Анын айтымында, буга чейин күндө бир катар жалындар байкалган.

«Үч күндүн ичинде күн биздин планетага төрт чоң плазма булутун ыргытты. Алардын айрымдары бир объектке биригишет, ал бүгүн түнү Жердин магнит талаасына тийет», - деди Сергей Богачев.

Мындай магниттик бороондун кесепети жуманын аягына чейин сезилет.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх