Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түндүк Корея Түштүк Кореяга таштанды толтурулган 150 шар жөнөттү

Шарлар өлкөнүн ар кайсы жерлерине түштү

Түндүк Корея таштандыга толтурулган 150дөн ашык шарды Түштүк Кореяга чек ара аркылуу жөнөткөнүн Yonhap агенттиги билдирди.

Сеулдун штаб башчыларынын биргелешкен маалыматына караганда, шарлар 28-май шейшемби күнү кечинде чек арадан өтө баштаган жана өлкөнүн ар кайсы жерлерине түшүп, түштүк-чыгыштагы Түштүк Кёнсан провинциясына жеткен. Шарлардын ичинде ар кандай таштандылар – желим бөтөлкөлөр, аккумуляторлор, бут кийимдин тетиктери, жада калса кык да болгон.

"Биз Түндүк Кореяга өзүнүн адамгерчиликсиз жана адепсиз аракеттерин токтотууну катуу эскертебиз", - деп билдирди Түштүк Кореянын биргелешкен штаб башчылары.

 

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх