Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШ Кыргызстандан жана башка беш постсоветтик өлкөдөн мыйзамсыз келген мигранттарды депортациялайт

Калифорниянын чек арачылары ушундай көрсөтмө алышты

АКШ Кыргызстандан жана башка беш постсоветтик өлкөдөн мыйзамсыз келген мигранттарды депортациялайт деп жазат New York Post гезити ички документке шилтеме берүү менен.

Мындай көрсөтмөнү Калифорниянын чек арачылары алганы белгиленген.

Кеп Орусия, Грузия, Молдова, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары тууралуу болуп жатат. Алар кармалгандан кийин дароо өлкөдөн чыгарууга буйрук берилген. Бирок башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү угуулар аяктаганга чейин АКШда калууга укуктуу.

Эске сала кетсек, буга чейин АКШнын президенти Джо Байден Мексикадан АКШга келген мыйзамсыз мигранттарга башпаанек берүүгө убактылуу тыюу салган. Байдендин айтымында, чектөөлөр бийликтерге "АКШда болууга юридикалык негизи жок адамдарды тезирээк өлкөдөн чыгарууга" мүмкүндүк берет. Тыюу коштоосуз жүргөн балдар жана адам сатуунун курмандыктары үчүн өзгөчө шарттарды камтыйт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх