Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Киевде казакстандык оппозиционердин өмүрүнө кол салуу аракети болду

Бул учурда алар үн өчүргүч менен курал колдонушкан

Киевде казакстандык оппозиционер Айдос Садыковдун өмүрүнө кол салуу аракети болду. Бул тууралуу Strana.ua жана РБК Украина булактарына таянып жазып чыгышты.

Активист аялы менен машинага жакындаганда белгисиз бирөө ага бир нече жолу ок чыгарган. Куралда үн өчүргүч болгон.

Өлтүрүү аракетинен кийин Садыков ооруканага жеткирилген. Анын абалы оор деп бааланууда. Активисттин жубайы жабыркаган эмес.

Айта кетсек, Айдос Садыков оппозициялык “База” телеграм каналынын автору. 2014-жылдан бери Киевде жашайт. Садыков мекенинде улуттар аралык кастыкты козуткан деген айып менен издөөдө жүргөн.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх