Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Amnesty International Жулиан Ассанждын абактан бошотулушун кубаттады

WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү АКШ менен келишим түзүп, Лондондогу абактан бошотулду

Эл аралык мунапыс бейөкмөт уюму Жулиан Ассанждын абактан бошотулушун кубаттады.

«Эл аралык Мунапыс уюму Жулиан Ассанждын үй-бүлөсү, активисттери, юристтери, басма сөз эркиндиги уюмдары жана аны колдогон көптөгөн медиа коомчулугунун жасаган иштерин жана коомчулуктун укуктарын, маалыматка жана сот адилеттигине жетүүсүн жөнгө салуучу негизги принциптерди куттуктайт. Биз алардын бардыгы тарабынан толук таанылышы жана урмат-сыйы үчүн күрөштү улантабыз”, - деди Эл аралык Мунапыс уюмунун башкы катчысы Агнес Калламард.

Эскерте кетсек, кечээ Лондондун Жогорку соту WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоону жокко чыгаруу үчүн америкалык бийликтер менен алдын ала келишим түзүүгө макул болгондон кийин камактан бошоткону белгилүү болгон.

Ассанж 1901 күн отурган Белмарштын эң жогорку режимдеги түрмөсүнөн чыгып, Стэнстед аэропортуна барды, ал жерден Улуу Британиядан Сайпан аралына (Тынч океандын чыгышындагы АКШнын аймагы, Филиппинге жакын жайгашкан – Н.В.) учакка отурду. Ал жерде, шаршемби күнү, 26-июнда, сот жараяны өтүп, анда келишимдин шарттарына ылайык, Ассанж 18 айыптын ичинен бир күнөөсүн (улуттук коргонуу жөнүндө маалымат алуу жана ачыкка чыгаруу үчүн кутум жасоо) мойнуна алат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх