Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусиянын жарандыгын алган 10 миңге жакын мигрант СВО аймагына жөнөтүлдү - Бастрыкин

Жакында Орусиянын жарандыгын алып, аскердик каттоого турбаган 30 миңден ашуун чет элдиктер аныкталды

Орусиянын жарандыгын алган 10 миңге жакын чет элдик жарандар СВО аймагына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Санкт-Петербургдагы эл аралык юридикалык форумда билдирди.

Анын айтымында, жакында эле Орусиянын жарандыгын алып, аскердик каттоодо турбаган 30 миңден ашуун чет элдиктер аныкталган.

«Тергөөчүлөр буга чейин жарандык алып, бирок аскердик каттоого тургусу келбеген 30 миңден ашуун адамды кармап, каттоого алышкан. Алардын 10 миңге жакыны атайын аскердик операция аймагына жөнөтүлдү», — деп Интерфакс агенттигине Бастрыкин билдирди.

«Биз Конституциянын жана мыйзамдарыбыздын жарандык алган адамдар аскердик каттоого турууга жана зарыл болгон учурда атайын аскердик операцияга катышууга милдеттүү деген жоболорду ишке ашыра баштадык», - деди ал.

Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх