Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстанда энергетикалык суусундуктарды 21 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салынды

Мыйзамга президент Касым-Жомарт Токаев кол койду

Казакстанда энергетикалык суусундуктарды 21 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салынды. Тиешелүү мыйзамга бүгүн президент Касым-Жомарт Токаев кол койду.

«Өсүп келе жаткан муундун ден соолугун энергетикалык суусундуктарды колдонуунун кесепеттеринен коргоо үчүн аларды 21 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салынууда», — деп билдирди Акорда.

Белгилей кетсек, ушул эле мыйзам менен кумар оюндарына жана лотереяга катышууга тыюу салынган адамдардын тизмеси кеңейтилген. Ошондой эле букмекердик кеңселердин жана лотереялардын тышкы жарнактарына тыюу салынат жана лотерея билеттерин таратууга жана лотерея терминалдарын турак жайларда, жатаканаларда, диний имараттарда, маданият уюмдарынын имараттарында жана курулмаларында, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде ошондой эле алардан жүз метр радиуста аралыгында орнотууга тыюу салынат.

Документтин толук тексти менен бул шилтемеден таанышууга болот.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх