Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстанда облус имамы мас абалда кармалып, 15 күнгө камалды

Бахытбек Тажымбет Бурабай курорттук айылындагы "Регион 03" клубунун жанынан кармалган

Казакстанда буга чейин мас абалында унаа айдап кармалган Костанай облусунун башкы имамы Бахытбек Тажимбет кызматтан алынды. Бул тууралуу Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

"Бахытбек Тажимбет Костанай облусунун башкы имамы кызматынан бошотулду. Дин ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту жана дин кызматкерлеринин этикасын одоно бузган адамдардын диний чөйрөдө иштөөгө моралдык укугу жок", - деп билдирди муфтият.

Тажымбет 23-июлга караган түнү Бурабай курорттук айылындагы "Регион 03" клубунун жанынан кармалган. Полиция тарабынан ага карата Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 608-беренесинин 1-бөлүгү («Айдоочунун транспорт каражатын мас абалында башкаруусу») боюнча протокол түзүлгөн.

Экспертиза учурунда имам сыра гана ичкенин айткан. Сот отурумунда ал күнөөсүн мойнуна албай, кымыз ичкенин билдирген. Жыйынтыгында, сот аны 15 күнгө камакка алып, жети жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх