Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытайда сел жүрүп, адамдар каза болду. 30 миңден ашык адам эвакуацияланды

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, 15 киши каза болгон

AP агенттиги Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарына таянып, жекшемби күнү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы туристтик аймакта нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, 15 киши каза болгонун жазды.

CCTV мамлекеттик телеканалы Хунань провинциясындагы Хэньян шаарынын карамагындагы Юэлин айылында селден улам 21 адам урап түшкөн үйдүн алдында калганын жазды. Жаракат алган алты адам куткарылып, ооруканага жеткирилгенин Синьхуа маалымат агенттиги билдирди. Жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат айтыла элек.

Жекшемби күнү Түндүк Корея менен чек арадагы Ялу дарыясынын деңгээли көтөрүлгөндүктөн, үчүнчү кабаттан төмөн жашаган тургундарды жогорку кабаттарга көчүүнү чакырган билдирүү жарыялады. Синьхуа агенттиги Ляонин провинциясында жүздөгөн химиялык жана тоо-кен компаниялары ишембиден баштап ишин токтотуп, 30 миңден ашуун адам эвакуацияланганын жазды.

Акыркы күндөрү тынымсыз жааган жамгырдан улам Кытайдын бул аймактарында 40ка жакын поезд убактылуу ишин токтоткон.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх