Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россиянын Волгоград облусунда поезд кырсыкка учурады

Жабыркагандарга тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп, айрымдары ооруканага жеткирилди

Россиянын Волгоград облусунда поезд кырсыкка учурап, сегиз вагон рельстен чыгып кетти.

ТАСС маалымдагандай, учурда жабыркагандардын саны такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын келип чыгышына жол кырсыгы себеп болгон. Анда "Камаз" унаасы темир жолго чыгып кетип, поезд менен кагылышкан.

"Жол кырсыгынын кесепетинен Казан - Адлер каттамы боюнча бараткан поезддин сегиз вагону рельстен чыгып кеткен. Жабыркагандар бар", - деп билдирген укук коргоо органдарынан.

Кырсык катталган жерде бардык тез жардам кызматтары иштеп жатат. Жабыркагандарга тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп, айрымдары ооруканага жеткирилүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх